Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын SUPER.KG порталына берген маалыматына караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 14-июнда болгон. Анда 1987-жылы туулган Т.Е. аттуу жаран үй-бүлөлүк чырдан улам өзүн-өзү пневматикалык курал менен башка аткан.
"Башына ок жеген жаран 17-июнда ооруканага кайрылган. Ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, башындагы коргошун алынган. Азыркы тапта алынган курал соттук-баллистикалык экспертизага жөнөтүлдү. Ал эми жабырлануучу эч кимге дооматы жок экенин жана ага эч кимди күнөөлөбөсүн айткан", -деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.