Чолпон-Ата шаарында унаа сүзүп кеткен Патрулдук милиция кызматкери каза болду

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында унаа сүзүп кеткен Патрулдук милиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Медер Шабданов SUPER.KG порталына билдирди.

"Жолдо кызмат өтөп жаткан Патрулдук милициянын кызматкери каза болду. Ал бейтапканада алган жаракатынан улам көз жумду. Анын артында үй-бүлөсү калды. Аталган иш боюнча кылмыш иши козголот", - дейт Шабданов.

Эске салсак, кырсыкка кабылган милиция кызматкеринин абалы оор болуп, ага операция жасалып жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shekeev969798
2017-06-29 08:06:08
Жаман болуптур
+2
Kroxa
2017-06-29 10:16:39
Кайгы устуно кайгы...жайы жаннаттан болсун..
+1
janka7
2017-06-29 10:29:31
Жаткан жери жайлуу болсун!Агабызга бейиштин торунон орун берсин!
+5
Asyl10
2017-06-29 12:54:28
Жайы жаннаттан болсун, 31 жаштагы жапжаш мырза экен,Абдан боорум ооруду,балдары,жубайына Кудайым сабыр берсин.
+1
ukmuw-ukmuw
2017-06-29 16:47:32
Ел демократия деп еле баарына баш бербей коптук!законду сыйлап баш ийгенди качан уйронот болдук екен!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан