Чолпон-Ата шаарындагы Патрулдук милиция кызматкеринин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Чолпон-Ата шаарындагы Патрулдук милиция кызматкеринин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду.

"Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө. 1991-жылы туулган айдоочу кармалып, Субару Форестер үлгүсүндөгү унаасы айып жайга киргизилди", - деп билдиришти ИИМден.

Айта кетсек, жол кырсыгы кечээ, 28-июнь күнү саат 17:00 чамасында Чолпон-Ата шаарында болгон. Анда кызматын өтөп жаткан Патрулдук милициянын кызматкерин айдоочу Субару Форестер үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп алган. Жабыркаган кызматкер ооруканага жеткирилген. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Taalaibek.
2017-06-29 11:36:35
милиция озу куноолу.
-1
meni_kut
2017-06-29 11:49:14
Taalaibek.,олумду табалаган заманга келдикпи...
+1
janka7
2017-06-29 13:28:45
Taalaibek.,Озунун кызматын кылып жаткан адамга куноону койгонунузга жол болсун!Аркасында чиедей балдары жаш жубайы калды.
0
admin_superstan
2017-06-29 15:43:50
mir777, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан