"Кайыңды темир жолу" көзөмөл өткөрүү жайында мамлекеттик чек араны бузган өзбек жараны кармалды

"Кайыңды темир жолу" көзөмөл өткөрүү жайында мамлекеттик чек араны бузган өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1985-жылы туулган Т.Р. аттуу өзбек жараны 28-июнь күнү Бишкек-Москва темир жол каттамынын №17-рейсин каттоо учурунда кармалган. Анын паспортунда "Кыргыз өлкөсүнө кирди деген" штамп жок болгон.

"Өзбек жаранынын айтымында, ага Өзбекстандан чыгууга тыюу салынгандыктан Кыргыз-Өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Азыркы тапта тиешелүү документтер толтурулуп, УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти чек ара кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан