Сокулук районундагы №19-колонияда жазасын өтөп жаткандар ачкачылык кармоону токтотушту

Чүй облусунун Сокулук районундагы №19-колонияда жазасын өтөп жаткандар ачкачылык кармоону токтотушту. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"Ачкачылык кармаган 13 адам менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында соттолуучулар алар коюп жаткан талаптар негизсиз экенин моюндарына алышкан. Мындан улам 13 адам ачкачылык кармоону токтотушуп, тамак жеп башташты", - деп билдиришти Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан.

Айта кетсек, №19-колонияда жазасын өтөп жаткан 13 адам 27-июндан тарта ачкачылык жарыялашкан. Алар жаңы абак тартибине нараазычылык билдиришкен болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан