Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында жарылуу болгон газ саткан жайдын ээси көз жумду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына райондун акими Данир Иманалиев бүгүн, 29-июнда билдирди. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, газ саткан жайдын кожоюну Виктор Борисенко кечээ, 28-июнь күнү кечинде жарылуудан алган жаракатынан улам каза болгон.
19-июнь күнү жарылуудагы өрттөн 59 жаштагы В.Борисенко денесинен 65 пайыз күйүк алып Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жаткырылган. Күйгөн жеринин 40 пайызы теринин тереңине чейин жабыркаган.
Ал жарылуудан жабыркаган дагы 5 жаран менен кошо 23-июнда Чолпон-Ата аймактык ооруканасынан Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна которулган.
Кырсыктан кийин Ысык-Көл РИИБи тарабынан жарылуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 142, 236, 238-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Эске салсак, ушул жылдын 19-июнунда газ саткан жерде жарылуу болуп, кырсыктан жалпы 8 адам жабыркап 2 жаран көз жумган. Жабыркагандардын жетөө ооруканага жаткырылса, бир жаран үйдө дарылануу үчүн чыгарылган. Кийин, 22-июнда денесинен 100 пайыз күйүк алган дагы бир жарандын көз жумгандыгы маалымдалган.