Бүгүн, 29-июнда Леонид Маевский маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Анын сөзүнүн негизги өзөгүн Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши боюнча маалыматтар түзмөкчү.
18:10 "Мен негизи телекоммуникация тармагында иштейм. "Мегаком" компаниясын кантип сатып алуу боюнча өзүмдүн юристтерим менен макулдаштым. Кийин мен өзүмдүн эсебимден 1 миллион доллар Текебаевге бергем. Учурда сот жүрүп жатат. Сот кандай чечим чыгарат көрөбүз. 2010-жылы "Мегаком" компаниясы 300 миллион долларга бааланып сатып алууну көздөгөнбүз", - деп билдирди Маевский.
18:16 "Менин акча бергеним коррупция эмес. Менде тиешелүү документтер бар. Мен Кыргыз өлкөсүнө учуп келип "Хаят" мейманканасында калдым. Ал күнү "Мегаком" жөнүндө сүйлөштүк. Ал учурда Ош шаарында баш аламандык болуп жаткан.
Менде мүмкүнчүлүк болсо кийинки соттук отурумга катышам. Мен жашырынбайм", - деди Маевский.
18:25 "Текебаев менен Чотоновдун менин иш бөлмөмө киргени видеого тартылып калган. Камералар мекеменин коопсуздугу үчүн коюлган. Мен Атамбаевди өмүрүмдө көргөн эмесмин. Аны сыналгыдан гана көргөм. Бул саясий буйрутма эмес. Ал алдады жооп бериши керек. Текебаев элди гипноз сыяктуу алдагандай, мени да алдады".
18:35 "Текебаевге берилген акча менин жеке өзүмдүн акчам. Акчаны кандай жол менен берем өзүм билем. Аларга берилген сумманын алгандыгы боюнча расписка бар".
Маалымат-жыйын соңуна чыкты.