Пакистандын Пенджаб провинциясында 25-июнда күйүүчү май ташыган унаанын жарылуусунан каза болгондордун саны 173кө жеткендигин аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жарыялады.
"26-июнга карата өрттөн 152 адам каза болуп, ал эми күйүктөн жаракат алган 117 адам ооруканага оор абалда жаткырылган эле. Азыркы күнгө карата каза тапкандар 173кө жетти", - деп айтылат кабарда.
Эскерте кетсек, 25-июнда Пакистандын Пенджаб провинциясында күйүүчү май тартып бараткан унаа жол кырсыгына кабылган. Оодарылган унаадан агып жаткан бензинди жергиликтүү адамдар идиштерге куюп алып жатканда чоң жарылуу болуп, жүздөгөн адамдар курман болгон эле.