АКШда видеоролик тартуу учурунда 19 жашар кыз жигитин атып алды

АКШда видеоролик тартуу учурунда 19 жаштагы кыз жигитин атып алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кыз тапанча менен жигитинин көкүрөк тушуна коюлган калың китептин үстүнөн ок чыгарган. Алар китептин барактары окту өткөрбөй кармап калат деп ойлогон. Бирок ок китептен өтүп 22 жаштагы Педро Руизге тийген. Чакырылган "Тез жардам" анын өмүрүн сактай алган эмес.

Видеоролик тартууга катышкан Мона Лиза бул идея жигитине таандык экендигин айткан. Ошондой эле шектүү кыздын 7 айлык боюнда бар экени айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Pandora
2017-06-30 09:03:07
Кудай сактаа,жаман иш болуптур....Жон эле жашай бербейсинерби???!!! Интернет жылдызы болууну энсебей эле...
+5
Gena1
2017-06-30 09:04:02
Тообо кылдым. Кызыктай жорук го.
+2
ZAMAN007
2017-06-30 09:13:53
Биринчи текшерип корушсо болот эледа
+2
Batma08
2017-06-30 09:40:49
ZAMAN007,ошодаа текшеришбептирдаа
+1
Aser80
2017-06-30 13:14:59
китептен башка нерсе табылбаптырбы.анын ордуна металлдан бирдеке койсо отпой кала беле дейм да
0
Munar8625
2017-06-30 14:02:41
Лейлекте биринчи мелкашка келгенде айыл аксакалдары койчу бул мылтыгынды огу кичине екен мен постунду кийем атып корчу ок отпойт деп окко учуп олгон экен .
+1
Shamdagai2013
2017-06-30 17:15:05
Чындап ок чыгарбай эле, монтаждап койсо деле окшошмок да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан