Оштогу Ак-Буура дарыясына чөгүп кеткен 6 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
ӨКМнын маалыматына караганда, 27-июнь күнү болжол менен саат 17:32 чамасында Ак-Буура дарыясына 2011-жылы туулган кыз чөгүп кеткен. Аны издөө иштерине 24 куткаруучу тартылып, кечээ, 29-июнь күнү эртең менен кыздын жансыз денеси табылган.