"Манас" аэропортунда чет элдик спортчулардан акча талап кылган эки милиция кызматкери жумуштан айдалды

"Манас" аэропортунда чет элдик спортчулардан акча талап кылган эки милиция кызматкери жумуштан айдалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Буга чейин жергиликтүү телеканалдардын бирине снукер боюнча Азия чемпиондугуна катышуу үчүн Бишкекке келген чет элдик спортчулар "Манас" аэропортунда милиция кызматкерлери акча талап кылышканын айтып беришкен. Алардын бири Ирандан келген Хамедден "тыюу салынган жерден чылым чеккениңер үчүн айып төлөгүлө" деп 500 сом алып койгон. Бирок милиция кызматкерлери ага айыпты төлөгөнү боюнча эч кандай расмий кагаз көргөзүшкөн эмес.

ИИМдин маалыматына караганда, жогорудагы видеотасма боюнча иликтөө жүрүп, эки милиция кызматкери иштен бошотулган. Андан сырткары ички иштер органынын тартип уставында көрсөтүлгөн милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн Аба транспорттук жол бөлүмүнүн башчысы сөгүш алды.

Ал эми кызматтык иликтөө боюнча жыйынтыгынын көчүрмөсү юридикалык жактан баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
sirgak_92
2017-06-30 11:49:20
Мен откондо москвадан келсем аэропорттон чыгып чылым чегмэип турсам ошол жердеги эки милиция келип акча сураган.Менимче ушул экоо болушу мумкун.Кагаз толтурумуш болуп 5 кун камаласын болбосо 1000 сом деп менден 1000 рубль алып койушкан
0
TalaCSKA
2017-06-30 15:10:32
sirgak_92,эрчип алсан жур олтургузсан олтурам деп озулору жалынат кетчи деп болбогон эле дешевый понт кыла беришет 1штук сигарет берсен кетет ыразы болуп. .
+2
Ago
2017-06-30 12:28:33
МАнастагы милициянын башчысыны кошуп айдаш керек!Болбогон шылтоо менен кыргыздарды тоногону тоногон Мындай керектуу жерге Патриот кыргыз деп куйгон адам болуш керек башчы.Кол астындагылар кыргызды тоноп жатса корбогон жэ корсо кормоксонго алган жэ озу кошулуп тоногон керек эмес!!
+5
Ajar812
2017-06-30 13:22:38
Кана ошентир текшерсе .Акмактар форма кийип ушинтип элди тоной берсе жакшыбы анан
0
raykray
2017-06-30 13:25:58
Чындап эптеп акча доолоп алмай адаты бар М аэропортунун, уяттары жок сук тойбостор!!! олгондо жооп бересинер ойлонгула!!!
0
salimbek87.kg
2017-06-30 13:43:01
менда москвага жоноп залда олтурсам эки милитсия келип документеримди сурады паспорт билетеримди корсоттум анан менен вайенний билет сурайт жок десем анда штрафь толойсун деп 1000сом сурашкан болбосо учпай каласын деп 500сом алган биринчи барышым эле азыр эми сурашса барып чайынды ич деймин блиин.
0
kg.13
2017-06-30 14:05:28
аа
0
Almazbek1980kg.
2017-06-30 14:18:24
Ой рекеттер десе формачан.
0
Revolyutsiya2
2017-06-30 14:59:23
Милиция кызматкерлери пара талап кылып пара алса, болгон жазасы жумуштан бошотуубу?!

Эмнеге аларга кылмыш иши козголуп кылмыш жообуна тартылбайт?!!

Бул суроого супер инфо жооп алып берсе жакшы болмок!
+3
TalaCSKA
2017-06-30 15:16:16
Revolyutsiya2,туура айтасын тем более жоопту кызматкер болгондон кийин эки эсе коп жаза алыш керек элего .же мыйзам чын эле ошондойбу ?
0
KAYRATBEK
2017-06-30 15:25:01
Кыргыз эч качан онолбойт паракорлор жок болбоюнча. А паракорду кантип жок кылыш керек жумуштан эле бошотуп койбостон паракорлук боюнча камаш керек. Качанга чейин атан жакшы апан жакшы менен жашайбыз! Бул жерде милиция кызматкерлери шалаакы эмес ошол эки паракорду камабаган жетекчи ШАЛААКЫ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан