Америкадагы ооруканалардын биринде бейтап адамдарга ок чыгарып, андан соң өз жанын кыйды

Американын Лас-Вегас шаарындагы ооруканалардын биринде бейтап айланасындагыларга ок чыгарып, андан соң өз жанын кыйган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, ок аткан жанкечтинин мындай кадамга баруусуна аны дарыгерлер кезексиз кабыл албай койгону себеп болгон. Жергиликтүү полициянын айтымында, ал эки медицина кызматкерин жарадар кылган. Жабыркагандарга дароо жардам көрсөтүлгөн. Мындан сырткары дагы экөө окуядан улам жеӊил жаракат алышкан. Азырынча өзүн өзү өлтүргөн кишинин аты-жөнү аныктала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Totyua.71.
2017-06-30 14:07:20
Деги заман не болуп бара жатат,психикалык жактан ооругандар кобойду..
-1
aiko15
2017-06-30 14:36:18
Бирок негизгиси врачтар психолог болуш керекда кезексиз кайрылган адамды карап туруп тынчсызданып жатканын коруп келиниз деп сразу кабыл алышы керек болчу
+4
lizaliza
2017-06-30 14:57:27
(((
0
Kg.arts.
2017-06-30 15:35:49
Ушуну мусулман адам жасаганда, теракт деп чыгышат эле.
+1
meni_kut
2017-06-30 16:52:29
Kg.arts.,эгер ал мусулман болгондо алыстагы эмес озубуздогу revolyutsiya2 эле радикал исламисттер кылды деп чыкмак.
-1
kychan.98
2017-06-30 16:38:02
Терактын баарын каапырлар жасайт
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан