Бүгүн, 30-июнь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Башкы прокуратуранын Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиздин үстүнөн берген доо арызы боюнча соттук процесс болду. Анда жоопкер тарап эки өтүнүч келтиришти.
"Биз судьяга ишти кароодон баш тартуу боюнча өтүнүч келтирдик. Бирок судья аны кароосуз калтырды. Ал эми экинчи өтүнүч "Прокуратуранын президентти коргоого ыйгарым укуктары жок" деп бердик. Судья кийинки жумага чейин тыныгуу жарыялап, экинчи өтүнүч боюнча ошондо жооп берерин айтты", - дейт Канатбек Азиз.
Айта кетсек, 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк Алмазбек Атамбаев жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен болчу. Башкы прокуратура "билдирүүдө өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген" деп Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азизди сотко берген.