Москвада аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн үч адам каза болуп, онго жакын жаран жабыркады

Орусиянын Москва облусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн үч адам каза болуп, онго жакын жаран жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда орусиялык маалымат каражаттары укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазышты.

Маалыматка ылайык, катуу шамалдан оор жүк ташуучу унаанын үстүнө жүктөлгөн ири көлөмдөгү бетон кулап, 2 адамды басып калган. Алардын бири окуя болгон жерден көз жумса, экинчиси ооруканага бараткан жолдо каза болгон. Андан сырткары 33 жаштагы жигитке чагылган тийип, ал ошол жерде мерт кеткен. Ошондой эле 10го жакын адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Nurdinova
2017-06-30 20:29:34
Аллахым өзүң сакта
+3
aiko15
2017-06-30 20:35:40
Окунучтуу адам омурун алган жаратылыш кырсыкка, ото катуу жаады чакалап эле куйду
+4
munduz2016
2017-06-30 20:55:13
Төрт киши каза болуптур,өкүнүчтүү.
0
bekaaaaaaaa
2017-06-30 21:28:11
Batma адашбайт эмес адашпайт
+2
cfif03748
2017-06-30 21:59:20
Биринден бирин. дан дан сынго
-6
Musabaeva.
2017-06-30 23:16:02
15-00до башталдыда.Ошондо уйдон чыккан болчум, метрого жеткиче суу болуп калдым тизеден.Кайра уйго барып кийим алмаштырып келдим ишиме.
-1
KG.Kushtarbek
2017-06-30 23:34:14
Эээ москванын погодасы ерте мн чыдап болбогон ысуу болду а азр жамгыр эзди
+1
bom.bon
2017-06-30 23:46:34
Арасында Кыргызым жок болсо экен!
-1
altynka95
2017-07-01 00:18:01
Азыр времядан 2адам олду деди го,Бизде Подмосковье де 14:00го жакын башталды жамгыр жаап артынан чон чон мондур жаады, Асман капкара болуп кеч киргендей болуп кетти го
+2
Firdaus-Muslim
2017-07-01 01:31:09
Астагфируллах, тообо кылдым Кудай өзү сактасын. Шамал, чагылган, сел, жер титирөө жана башка апааттардан.
+4
Rozhulun
2017-07-01 01:51:12
Жүрөктүн үшүн алдыго,экинчиси саат 19:35 чамасында кааапкара болуп калды жер-асман,Кудай сакта!
0
AzKumFerDan
2017-07-01 02:30:34
Чын иште
0
sonisoni
2017-07-01 16:54:14
Отто катуу болду мен да жолдо жургом бир заматта тун болуп жамгыр куюп койду ажалын жетпесе Алла сактайт экен....жат жерде журобуз тирилик деп Аллахым боодо кырсыктан бей ажал олумдон сактасын элимди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан