Мындан 56 жыл мурун, 1961-жылдын 30-июнунда Орусиянын Муром шаарында массалык баш аламандык орун алган. Буга милиция тарабынан кармалган адамдын каза болуп калышы себеп болгон. Баш аламандыктан улам шаар тургундары менен укук коргоо кызматынын ортосунда чыр чыгып, милициянын имаратын өрттөп салышкан. Милиция кызматкерлерин сабап, куралдарын тартып алып, кармалып турган 48 кишини бошотуп жиберишкен. Шаардагы абалды аскер кызматкерлери жөнгө салышкан.
30-июнга карата жылнаама.