Бүгүн, 1-июль күнү SUPER.KG порталына Кадамжай районунун тургуну Фатима Жороева кайрылып, инисинин өлүмүнө шектүүлөрдү жергиликтүү милиция коргоп жатканын айтты.
"Адам өлтүрүп жатышса, эмнеге адам өлтүрүү беренеси менен иш козголбойт. Шектүүлөрдүн биринин күч түзүмдөрүндө иштеген туугандары бар экен. Бул окуя болгондон бери эле бут тосуп, тоскоолдук жаратып жатышат. Инимди өлтүргөндөрдүн экөөсү "бейбаштык" беренеси менен камалса, үчөө эркиндикте жүрөт", - дейт Фатима.
Фатима Жороеванын айтымында, окуя үстүбүздөгү жылдын 20-мартынан 21-мартка караган түнү болгон. Анда 29 жаштагы иниси Акыл Жороев кошуна жашаган классташынын үйүндө болуп жаткан курулуш иштерине жардам берүү үчүн кетип, эртеси чала өлүк абалда табылган.
"Иним классташынын үйүндө жардам берип жатса андан бир аз күн мурун бир тойдо жаңжалдашып кеткен Али, Шумкар, Кыялбек аттуу балдар келип, чогуу арак ичишет. Кийин аларга Данияр, Тазабек аттуу балдар да келип кошулуп спирт ичимдигин ичүү Кадамжай шаарындагы кафеде уланган. Эмнеден улам чыр чыкканын билбейм. Күбөлөрдүн айтымында, саат түнкү үчтө инимди катуу сабашып, унаанын багажына салып кетишкен экен. Инимди эртең менен үйдүн алдынан чала өлүк абалда таптык", - деди Фатима Жороева.
Катуу сабалган Акыл Жороев 11 күн комада жатып, 1-апрелде каза тапкан. Бул кылмышка шектүү катары Али жана Кыялбек убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бул тууралуу маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташып, бул иш учурда Ош шаардык тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилгенин билдиришти.