Базар-Коргон районундагы айылдык кеңештин депутатынан диний-экстремисттик маанайдагы материалдар алынды

Базар-Коргон районундагы айылдык кеңештин депутатынан диний-экстремисттик маанайдагы материалдар алынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, соттун санкциясынын негизинде Базар-Коргон районунун Ш.М. аттуу тургунунун жашаган үйү текшерүүгө алынып, "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмуна таандык материалдар табылган. Азыркы тапта аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иш амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurbollot
2017-07-01 13:55:34
Базар-коргондон копчулук депутаттары туугандардан атын толук жазсанар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан