Орусияда 16 килограмм маңзат менен кармалган Кыргыз жараны 17 жылга эркинен ажыратылды

Орусияда 16 килограмм маңзат менен кармалган Кыргыз жараны 17 жылга эркинен ажыратылып, 250 миң рубль айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жараны Ибрахим Мамажанов 16 килограмм маңзатты Орусиянын Свердлов облусуна алып өтүүнү максат кылган.

"Ал баңгизатын төшөк салынган капка катып, жүк ташыган компаниянын кызматкерлери аркылуу берип жиберген. Баңгизатын алып бара жатканын билбеген компаниянын кызматкерлери Челябинск облусунун аймагындагы чек арадан өтөр замат эле текшерүү учурунда кармалган. Мамажановдун өзүн кийин жашыруун кызматтын кызматкерлери кармашкан", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
only_progress
2017-07-01 13:19:39
Кыргызстандык бирок кыргыз эмес...
+11
JaneEr
2017-07-01 14:46:40
Точно.
0
TalaCSKA
2017-07-01 16:02:04
Берки компаниянын кызматкери эмне болду эле админ кабар алып берип койунуздарчы .
0
baltabaev
2017-07-02 01:10:59
Баягы эле узбек туугандарго,Бул иш качан болду качан чечим чыгарылды аныктап жазгыла инфо жамаат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан