Австрияда жашаган мигрант улгайган түгөйлөрдү улутчулдар деп эсептеп, өлтүрүп салган

1989-жылы Тунис өлкөсүндө туулуп, учурда Австрияда жашаган жаран улгайган түгөйлөрдү өлтүргөнү үчүн камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Окуя Австриянын Линц шаарында болгон. Тунистик мигрант улутчулдарды жек көргөндүктөн бул кадамга барганы маалымдалат.

Тергөө иштериндеги алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү 85 жаштагы улгайган аялды муунтуп, анын 87 жаштагы жолдошун бычак жана таяк менен мыкаачылык менен өлтүргөн. Андан соң пенсионерлердин жансыз денесин өрттөп жиберген.

Шектүүнүн айтымында, ал көп жылдар бою коомдун адилетсиз мамилесин сезип, ага улутчул-саясатчыларды күнөөлөп жүргөн. Ал сурак берип жатып, бул кылмышынан кийин өз өмүрүн кыюуну ойлогонун, бирок күнөөсүн моюнуна алууну туура көргөнүн кошумчалаган.

Шектүү полиция участогуна кылмышты моюнуна алуу үчүн кезек күткөнү жазылат басылмаларда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Zinazima
2017-07-02 16:11:44
Эхххх адамдык касиетибизди жоготпойлу эч качан
+1
ady-88
2017-07-02 17:50:34
Бут олколордо улуттчулдар бар. Ал эмес акшда улуттчулдар журот. орусиянда канчалаган улутчулдар бар. Орусиянын ичинде эле 15ке жакын республика болсо да орустар улутчул келеь
+1
Janybekleilekkg
2017-07-02 18:43:18
Кыргыздар деле улутчулдук боюнча жакшы эле алдыдабыз.
+4
Nursing
2017-07-02 23:47:25
Жок,мен кошулбайм озум Австрияда жашагандыктан бул нерсе бир гана адамга байланыштуу,ар бир мамлекетте жакшы-жаман адамдар болот,бутундой кандайдыр-бир мамлекетти жалпылап жамандоого болбойт
0
admin_superstan
2017-07-03 09:52:27
kychan.98, meni_kut, улут аралык келишпестиктерди жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
-1
admin_superstan
2017-07-03 09:53:35
Revolyutsiya2, кимдир бирөөнү далилсиз каралап, намысына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан