Таласта жергиликтүү телеканалдардын биринде иштеген 2 журналист сууга агып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар бүгүн, 2-июлда SUPER.KG порталына билдиришип, Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматтарга ылайык, журналисттер кечээ, 1-июлда кесиптештери менен эс алууга "Беш-Таш" коругуна барышкан.
"Кечке маал 38 жаштагы журналист Элмира Сүйүтбекова сууга жуунганы барып, түшүп кеткен. Аркасынан куткарууга секирген жетекчиси, 34 жаштагы Сүйүнбек Өмүрбеков да суунун катуу агымынан чыга албай калыптыр. Алар суудагы таштарга урунуп, оор жаракат алып каза болушуптур", - деди тургун.
Сүйүнбек Өмүрбековдун артында 3 кызы жана кош бойлуу келинчеги калды, ал Бакай-Ата районуна бүгүн, 2-июлда жерге берилди. Ал эми Элмира Сүйүтбекованын эртең коюлары, артында 4 баласы калганы маалым болду.