Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирди деп айыпталып жаткан "Заноза" сайтынын журналисттеринин соту уланууда. Соттук жыйында мамлекеттик айыптоочу Руслан Абдырахманов президентти сындаган макаланы "Заноза" сайты аркылуу жарыялаган журналист Нарын Айып айыпталып жаткан жүйөлөрүнө токтолду.
"Эл тарабынан шайланган өлкө башчыны Нарын Айып өзүнүн жарыялаган макаласында Африка өлкөлөрүнүн президентине салыштырып шылдың кылган. Ал президенттин атын атап жазбаса да, макаланын мазмунунда Атамбаев тууралуу айтылып жаткандыгы байкалат. Ошондуктан ага карата коюлган 3 миллион сом доону өндүрүп берүүңүздү өтүнөм", - деди прокурор. Айыпталуучулар прокурорлордун келтирген айыбына макул эмес.
Айыпталуучу Нарын Айып жазган макаласы тууралуу айтып берди. "Президенттин аты же фамилиясы эч бир жерде кезикпейт. Бул прокурор кайдан эле президентке байлап койду билбейм. Корутундуну берген мамлекеттик соттук экспертизанын адиси менен прокурор экөө эле Атамбаевдин кадыр-баркына шек жаратты деп эсептешүүдө. Биз авторитардык башкаруунун чеңгелинде калгандайбыз", - деди журналист.
Айта кетсек, Башкы прокуратуранын доо арызы боюнча "Заноза" сайты жана анын журналисттери жазган макалаларында Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтиргени үчүн 3 миллион сом доого жыгылууда. Башкы прокуратура "Заноза" сайтында өлкө башчынын аброюна шек келтирет деп 5 макаланы тапкан. Жоопкерлердин арасында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупова да бар.