Баварияда автобус жүк ташуучу унаа менен кагышып, 18 адам күйүп кетти

Баварияда туристтерди ташып бараткан автобус менен жүк ташуучу унаа кагышып, 18 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары Германиянын полиция кызматына шилтеме берип жазышууда.

Маалыматка таянсак, кырсык бүгүн, 3-июлда эртең менен болгон. Жүк ташуучу унаа менен автобустагы эки айдоочуну кошкондо жалпы 48 адам болгон. Каза болгондордон тышкары 30 адам түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилишкен. Өлкөнүн Өрт өчүрүү кызматы автобус кырсыктан дароо күйүп кетип, көпчүлүгү сыртка чыгып кетүүгө үлгүрбөй калган деп болжошууда.

Автобустагы туристтер Саксониядан Нюрнбергге бара жатышкан.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары бар же жок экендиги такталып жатканын кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
almazbei
2017-07-04 00:01:10
Конулчоок бай атам конул айткан эмесго,чет элде бир демке болсо конул айтып калчу эле ат тезегин кургатбай ?!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан