Орусиянын бир катар маалымат каражаттары Пермь шаарындагы №9-медициналык санитардык бөлүмүндө Кыргыз жараны төрөттөн соң дароо полиция бөлүмүнө жеткирилгенин жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Кыргыз жараны Пермь шаарындагы №9-медициналык санитардык бөлүмдө көз жарган. Бирок Кыргыз жараны төрөткананын кызматкерлери сураган акчаны бере албай калгандыктан, алар полицияга берип коюшкан.
Аталган медициналык санитардык бөлүмдүн башкы дарыгери Евгений Камкиндин айтымында, төрөт жарандыгына карабастан бардык адамдарга бекер жүргүзүлөт.
Ал эми полициядан билдиришкендей, Кыргыз жараны 2016-жылдан бери Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн. Ошол учурда өздүгүн тастыктаган документтери жанында болгон эмес. Өздүгү такталып, протокол жүргүзүлгөн соң төрөтканага жеткирилген.
Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги полицияга кайрылып, Пермь шаарындагы №2-полициянын орун басары менен байланышкан. Анда жогорудагы факт май айынын аягында катталганы жана Кыргыз жаранынын өздүгүн тактоо үчүн полиция бөлүмүнө алып келингени белгилүү болгон. Бирок элчиликке ал тууралуу эч ким кайрылган эмес.