Эл аралык террордук уюмдун эки активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 14-июнь күнү атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде эл аралык террордук уюмдун эки активдүү мүчөсү кармалды.
"Алардын бири 1994-жылы туулган А.Р. социалдык тармактар аркылуу элдерди "жихадка" үндөп, үгүт иштерин активдүү жүргүзүп келген. Ал эми экинчиси Б. уулу Р. эки Кыргыз жаранын Сирияга жөнөтүүгө жетишкен. Алар ошол жактагы согушта каза болгон. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, шектүүлөр УКМКнын СИЗОсуна киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.