Бүгүн, 6-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда эки мектеп окуучусун сүзгөн айдоочунун иши боюнча биринчи соттук отурум болду. Анда жабырлануучу тарап сотко даяр эмес экенин айтышып, отурумду кийинкиге жылдырууну сурашты. Судья тараптардын пикирип угуп, ишти кароону 12-июлга жылдырды.
Кылмышка шектүү Мирлан Ажибековду конвой алып кетип бара жаткан учурда эки окуучунун жакындары ага кол көтөрүшүп, сабоого аракет кылышты. Бирок аларды конвой токтотуп калды. Ошол учурда айрымдар конвойго да кол көтөргөнгө жетишти.
Айта кетсек, жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 21-апрель күнү Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа эки мектеп окуучусун сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Ошол эле күнү шектүү катары 1988-жылы туулган Мирлан Ажибеков аттуу айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.