Токмокто Аксы районунун тургуну алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын С.У. аттуу тургуну ушул жылдын 11-июнунда белгисиз адам алдап кеткенин айтып, милицияга арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адам жабырлануучунун ишенимине кирип анын жылкысын сатып, акчасын бербей из жашырып качып кеткен.
"Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун 31 жаштагы Ш.Д. аттуу тургуну кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кылмышка шектүүдөн жабыркагандар болсо милиция бөлүмдөрүнө кайрылса болот", - деп билдирди басма сөз кызматынан.