Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында автобус оодарылып, 19 киши каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Автобуста жалпысынан 44 адам болгон. Бир нече киши жаракат алып, ооруканаларга жеткирилген. Учурда автобус кырсыкка учураган унаа жолу убактылуу жабылып, куткаруу кызматтары иштеп жатат. Айрым маалыматтарга караганда, кырсык жаандан кийинки тайгак жолдон улам келип чыккан", - деп айтылат маалыматта.