Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагында топ ойноп жүргөн окуучуну унаа сүзүп, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда SUPER.KG порталына Аксы РИИБинин участкалык инспектору Марат Чекиров билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы ушул жылдын 3-июль күнү саат 17:00дөр чамасында Авлетим айыл аймагында катталып, 7-класстын окуучусу Д.Э. каза болгон.
"Унаа сүзгөн окуучу алган жаракатынан улам 5-июль күнү бейтапканадан каза болгон. Анын сөөгү бүгүн жерге берилди. Кырсыктын келип чыгышына окуучунун топтун аркасынан кубалап, жолго чуркап чыгышы себеп болгон. Айдоочу Кербен шаарынан Кара-Жыгач айылын көздөй баратып Ауди 100 жеңил унаасы менен сүзгөн. Кылмыш иши козголгон эмес ", - деп билдирди Чекиров.