Ысык-Ата районунда 26 жаштагы кыз жөө жүргүнчүнү сүзүп алды. Жабырлануучу кырсык болгон жерден каза болгон

Ысык-Ата районунда 26 жаштагы кыз жөө жүргүнчүнү сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Патрулдук милициянын маалыматына караганда, жол кырсыгы 5-июль күнү саат 23:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 11-чакырымында болгон. Анда 26 жаштагы Айжан аттуу кыз унаасы менен батыштан чыгышты көздөй баратып, 1962-жылы туулган Умаржан аттуу жергиликтүү тургунду сүзүп алган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген.

Азыркы тапта унаа айып жайга токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nendi15
2017-07-06 21:01:26
Кээде эле маалыматта аты жөнүн жазып кээде баш тамгалары эле жазылып калат ...билсек болобу кайсы учурда аты жазылып кайсы учурда баш тамгалар менен көргөзүлөт аты жөнү
+5
Leilek-razzakov
2017-07-06 21:20:07
Nendi15, Туура айтасыз менда ошону сурайын деп жургонмун.
+2
sirgak_92
2017-07-06 21:58:17
11 чакырым каер кайсы айыл шаар толку жазгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан