Ысык-Көл районунун Долинка айылында 7 жаштагы бала көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кечээ, 6-июль күнү 2010-жылы төрөлгөн бала сууга чөгүп кеткен. Чөккөндүгү тууралуу маалымат саат 16:30да бизге келген. Баланы атасы өзү куткарып чыгып, Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага алып барган. Бирок 7 жаштагы бала жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан", - деп айтылат маалыматта.