Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде "тургундун 5 миң доллар акчасын уурдаган" деп шектелип, издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну үстүбүздөгү жылдын 31-май күнү милицияга кайрылып, соода борборлорунун биринде белгисиз аял сумкасын уурдап кеткенин айткан. Сумканын ичинде 5 миң доллар болгон. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде 1985-жылы туулган Асел Искендерова аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.