Ысык-Ата районунда сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2002-жылы туулган Ж.А. ушул жылдын 1-июль күнү Новопокровка айылынан Сары-Жон айылына кеткен жолдун боюндагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен.
6-июль күнү саат 12:21 чамасында жаш өспүрүмдүн жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.