ЖЫЛНААМА, 7-ИЮЛЬ: 12 жыл мурун Лондондо 4 жардыруу болуп, 52 адам каза болгон

Мындан 12 жыл мурун, 2005-жылдын 7-июлунда Англиянын борбору Лондондогу метродо жардыруу болуп, 52 адам көз жумган. Андан сырткары 700гө жакын адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Алгачкы жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:50дө орун алып, кийинки эки жарылуу 50 секунд убакыт өткөн соң болгон. Ал эми төртүнчүсү саат 09:47де автобуста орун алган. Жардырууну Хабиб Онф, Мохаммед Сидик Хан, Жермен Линдси, Шехзад Танвер аттуу 4 жанкечти-террорист ишке ашырган. Коомчулукту таң калтырганы алардын баары Англиянын жарандары болушкан. Ошондой эле Жермен Линдсиден башкасы ошол өлкөдө төрөлүп, чоңойгондор болгон.

7-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан