Жыл башынан бери өлкөдө 1327 өрт кырсыгы катталып, 37 адам каза болду

Жыл башынан бери өлкөдө 1327 өрт кырсыгы катталып, 37 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттөн улам келтирилген материалдык чыгымдар 240 миллион сомду түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге аз.

"Тилсиз жоонун кесепетинен 37 адам каза таап, 17 адам жабыркаган. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 45 адамдын өмүрү жана 590 миллион сомдук товардык-материалдык баалуулуктар сакталып калган. Өрттүн келип чыгуусуна көп учурда электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык жана отко этиятсыздык менен мамиле кылуу себеп болууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан