Кытайдын түштүк-чыгышындагы суу ташкыны 56 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, Кытайдын бир катар провинцияларында 29-июндан бери катуу жаан жаап, ал суу ташкынына алып келген. Кырсыктын кесепетинен 11 миллион адам жабыркап, 56 адам каза болгон. Андан сырткары 22 адамдын дайыны билинбей жатат. Ошондой эле суу ташкыны 27 миңден ашык турак үйдү жарактан чыгарса, 37 миңге жакын имаратты суу басып калган. Эксперттердин баамында келтирилген экономикалык чыгым 3,72 миллиард долларга жеткен.