Мексикада эки бандиттик топтун ортосунда уруш чыгып, 28 адам каза болду

Мексиканын Акапулько шаарындагы "Лас-Крусес" түрмөсүндө 6-июлдан 7-июлга караган түнү эки бандиттик топтун ортосунда чыр чыккан. Анын кесепетинен 28 адам каза болгон. Абак жетекчилигинин айтымында, өлгөн адамдардын көпчүлүгү катуу сабалып, бычакталган. Эки бандиттик топтун ортосундагы уруштун келип чыгышы азырынча белгисиз.

Окуя тууралуу уккан абактагылардын туугандары түрмөнү курчап турган торлорду тешип, ичине кирүүгө аракет кылышкан. Мындан улам жергиликтүү полиция менен федералдык кызмат абактын сыртына тосмо жасап аларды токтотуунун аракетин көрүшкөн.

Айта кетсек, Акапулько шаары Мексиканын эң негизги туристтик шаарларынын бири болуп келген. Бирок шаарда кылмыштуу топтордун жана кылмыш иштери көбөйгөндүгүнүн айынан өлкөнүн эң кооптуу аймагына айланган.

Бүгүнкү күндө "Лас-Крусес" абак жайында эки миңден ашуун адам жазасын өтөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kanatbekabytovich82
2017-07-07 18:08:26
Мынаке,уруш,мушташ деген ушундай болуш керек!!!
Анан мушташыышы мушташып алып,арыз жазып,баш аяк сарпай,акча ондуруп анан тосмо арыз жазып.....Хм....
-13
kubatbek.k
2017-07-07 19:16:28
mujik bratvalar
-7
Hadyja
2017-07-08 14:17:32
Дин жок болсо,адамдар ушундай жана мындан да оор абалга кабыл болушат.Аттин ай,баары эле биле беришпейт же билгиси келбейт.Ыйман деген адамдын эн бир баалуу сапаты.Ыйманда бололу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан