Алай районунда аты менен сууга агып кеткен тургундун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, малчынын жансыз денеси бүгүн саат 11:30 чамасында жергиликтүү тургундар тарабынан Көк-Суу суусунан табылган.
Айта кетсек, 6-июль күнү Көк-Суу айылынын Көк-Бел тилкесинде өзүнүн малдарын карап жүргөн 1959-жылы туулган А.Н. Көк-Суу суусунан ат менен өтүп бара жатып, агып кеткен. Издөө иштерине куткаруучулар жана жергиликтүү тургандар тартылган болчу.