Мындан 6 жыл мурун, 2011-жылдын 7-июль күнү Түркмөнстандын Абадан шаарына жакын жердеги аскер бөлүгүнүн кампасында өрт чыгып, андан соң жарылган. Жергиликтүү бийлик кырсыктын келип чыгуусуна ысык аба ырайы себеп болгонун айтышкан. Расмий маалыматтарга караганда, жарылуудан улам 13 аскер кызматкери жана 2 жай тургун каза болгон. Бирок расмий эмес маалыматтарда кырсыктан улам каза болгондордун саны 1000ден ашканы айтылат.
7-июлга карата жылнаама.