Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылында газ саткан жайда болгон жарылуудан жабыркаган адамдардын дагы бирөөсү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-июль күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ананьево айылындагы жарылуудан жаракат алып Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жаткан 1960-жылы туулган А.Б аттуу жаран бүгүн саат 13:00дө каза болгон.
Учурда андан сырткары аталган борбордо Ананьеводогу жарылуудан жабыркаган дагы төрт адам дарыланып жатат. Аталган маалыматта 1 адамдын абалы өтө оордугу, 3 адамдын абалы туруктуу, бирок оор экени айтылат.
Эскерте кетсек, буга чейин Ананьеводогу болгон жарылуудан алгач 2 адам каза таап, 8 адам ооруканага түшкөн. Жабырлануучулардын биринин жаракаты жеңил болгондуктан ошол эле күнү ооруканадан үйүнө чыгарылган. Кийин жабырлануучулардын экөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.