Бишкекте унаанын дөңгөлөгүн уурдоого шектелип 3 жаран кармалды

Бишкекте унаанын дөңгөлөгүн уурдоого шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну 1-июлдан 2-июлга караган түнү Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасынын төрт дөңгөлөгүн белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айтып, милицияга кайрылган. Кийин издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1995-жылы туулган 3 жаран кармалган. Алар Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын тургундары болушкан.

Аталган маалыматта алардын экөө мурда да соттолгону, башка кылмыш иштерге тиешеси бар-жогу такталып жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан