Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун короосундагы трансформатор күйүп кетти

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун короосундагы трансформатор күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Малыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат кечээ, 7-июль күнү саат 18:46 чамасында түшкөн. Анда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун короосундагы трансформатор өрттөнүп жатканы айтылган. Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү унаа тартылып, саат 20:00дөн кийин толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктан улам жабыркагандар катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан