Мындан 37 жыл мурун, 1980-жылдын 8-июлунда Казакстандын Алматы шаарына жакын жерде Ту-154Б-2 учагы кулап, 166 адам каза болгон. Учак Алматы-Ростов-на-Дону-Симферополь каттамында абага көтөрүлгөндөн 1 мүнөт 40 секунд өткөн соң жерге кулап түшкөн. Расмий маалыматка караганда, кырсыктын келип чыгышына аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана катуу шамалдын болушу себеп болгон.
8-июлга карата жылнаама.