Кечээ, 7-июль күнү саат 23:40 чамасында Бишкек шаарындагы Ибрагимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Патрулдук милициянын кызматтык унаасы катышкан жол кырсыгы катталды. Айрым маалыматтарга караганда, кырсыктын келип чыгышына Патрулдук милициянын кызматтык унаасынын жол чырактын кызыл белгисине карабай жолдон өтүп баратканы себеп болгон.
Бул окуяны Бишкек ШИИББинин Патрулдук милициясы тастыктап, учурда кызматтык иликтөө башталганын билдиришти.
“Бул иш боюнча азыр кызматтык териштирүүлөр башталды. Азырынча Патрулдук милициянын унаасын башкарып бараткан 1994-жылы туулган З.Э жана Mazda Demio унаасынын айдоочу 1982 жылы туулган С.А экөө тең экспертизадан өткөрүлүп, спирттик ичимдик ичпегендиги аныкталды. Ал эми жол чырактын кызыл белгисинен өтүп кеткени боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча эч нерсе айта албайбыз. Бардык маалыматтар териштирүү бүткөн соң айтылат”, - дейт Бишкек ШИИББинин Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев.
Окуядан жабыркагандар болгон эмес.