Мадридде концерт учурунда акробат бийиктиктен кулап каза болду

Испаниянын борбору Мадрид шаарындагы Mad Cool музыкалык фестивалында акробат сахнада бийиктиктен кулап каза болду. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучуларынын билдирүүсүнө таянып чет элдик маалымат булактары жазууда.

"Фестивалдын уюштуруучулары концерт учурунда кырсык болуп, адамдын каза тапкандыгына өкүнүп жатышат", - деп жазылат фестивалдын расмий сайтында.

Окуя кечээ, 7-июлда Green Day рок-тобунун аткаруусунун астында орун алган.

"Бийиктиктен кулаган Педро аттуу акробат сахнада бир канча секунддан кийин көз жумган. Уюштуруучулар фестивалды 3 күн өткөрүүнү пландаган. Акробат фестивалдын 2-күнүндө каза тапкан. Бирок фестиваль уланат, музыкалык иш-чара бүгүн эскерүү мүнөтү менен башталат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
meni_kut
2017-07-08 11:39:59
жаткан жайы жанатта болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан