"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Унаа жуучу жайдын кызматкери кардардын унаасын айдап чыгып көпүрөдөн кулатып жиберген

Кардары калтырып кеткен унааны унаа жууган жайдын кызматкери айдап чыгып көпүрөдөн кулатып жиберген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаарынын Патрулдук милициясынын майору Разак Жороев билдирди.

Маалыматка ылайык, унаа жууган жайдын кызматкери кардары химиялык тазалоого калтырып кеткен Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны 8-июлга караган түнү айдап чыгып Ош шаарынын четиндеги Кыргызстан айылынын кире беришиндеги көпүрөдөн сууга кулатып жиберген.

"Ал унааны таң атканда суудан чыгарып кетүү үчүн ордунда калтырып кетип калган. Эртең менен айылдын тургундары көрүп, Патрулдук милицияны чакырышкан. Силерге жөнөткөн сүрөттү ошол учурда тартып алышкан. Жабыр тарткандар жок, унаага деле көп зыян келген эмес. Учурда тергөөчүлөр териштирүү иштерин жүргүзүп жатат", - дейт Разак Жороев.

Ал эми көпүрөнүн кооптуулугу тууралуу Оштун мэриясынан "алгач адистер текшерип анан жооп беребиз", - деп билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин окурман "Оштогу Кыргызстан айылында белгисиз жеңил унаа каналга түшүп кетти. Мындай окуя экинчи жолу катталып жатат. Көпүрө кооптуу абалда, эч кандай тосмо жок", - деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jumatone
2017-07-08 15:56:28
Унаага көп деле зыян келген эмес
+1
gulmira12345
2017-07-08 16:49:21
кандай зыян келбейт торт аягы асманды карап жатат
+6
Adiletto
2017-07-08 20:55:12
gulmira12345, ошону айтсан ичинин баары суу болуп айнектери кантип сынбасын
+2
ZAMAN007
2017-07-08 17:19:23
Ана сана химчистка,Кудайым боодо кырсык,боодо чыгымдан сактасын.
+1
marselkalmurzaevkg
2017-07-08 18:19:24
Атайын кылганбы эмне
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан