Бүгүн, 8-июль күнү эртең менен Бишкек шаарынын Тимур Фрунзе жана Тойгонбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Анда Тойота Камри жана Хюндай Портер үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Жарандык активист Айбек Баратовдун айтымында, кырсыктын кесепетинен Хюндай Портердин айдоочусу астынкы айнегинен учуп барып, арыкка түшүп калган.
Ал эми жергиликтүү тургундар бул жер мурдатан бери эле кандуу кесилиш экенин, жол чырак коюп берүү өтүнүчү менен мэрияга бир нече жолу кайрылышканын айтышкан.
Кырсыктан жабыркаган 24 жаштагы Темирлан Бейшенакунов Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилген.