Түркиянын түштүгүндөгү Газиантеп шаарында жарылуу болуп, 7 адам жабыркады. Бул тууралуу Түркиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жарылуу кечээ, 7-июль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:30 чамасында көп кабаттуу турак үйдүн жанында болгон. Анда үйдүн жанында токтоп турган мотоцикл жарылган. Азыркы тапта жарылуунун себеби такталып жатат.