Бишкек-Токмок унаа жолундагы жол кырсыгынан жабыркаган кыздын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 1999-жылы туулган А.А. аттуу кыз Токмок шаарындагы ооруканага оор абалда жеткирилген. Анын башы жана бел омурткалары катуу жабыркаган.
Айта кетсек, жол кырсыгы бүгүн саат 07:00 чамасында Бишкек-Токмок унаа жолунун 55-чакырымында болгон. Анда Ысык-Көлдөн келе жаткан Тойота Авенсис үлгүсүндөгү жеңил унаа каршы тилкеге чыгып, жолдун жээгиндеги тосмону сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, 1 адам ооруканага жеткирилген. Унаанын ичинде эки кыз жана эки бала болгон.
Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын маалыматына караганда, каза болгондордун аты-жөнү такталууда.