Гамбург шаарындагы баш аламандык учурунда 300гө жакын адам кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 7-8-июль күндөрү Германиянын Гамбург шаарында "Чоң жыйырманын" саммити өттү. Ага АКШ, Индия, Кытай, Орусия, Италия, Түркия сыяктуу 20дан ашык өлкөнүн башчылары катышты. Саммит нараазычылык акциялары менен коштолду. Полициянын билдирүүсүндө митингчилер тартип сакчыларды көздөй бөтөлкө жана жарылуучу заттарды ыргытышкан. Мындан улам каршылык акциясы учурунда жалпы 288 адам кармалып, алардын 144тү камакка алынган. Ошондой эле 200дөн ашык полиция кызматкери жабыркаган. Азыркы тапта шаардагы абал турукташып, баш аламандыктар токтогон.

Акцияга чыккандардын айтымында, "Чоң жыйырмага" кирген өлкөлөрдүн саясаты социалдык теңсиздикке жана акыйкатсыздыкка алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Su.Zeyd_89
2017-07-09 15:27:28
Кыргыздар пикет кылса таш ыргытат, магазин талкалайт жапайы маданиятсыздыгыбызды корсоттук деп сындашты эле биздин акылдуулар. Европанын магазин талкалап машина орттогонун коруп эмне дешеер экен. Кыргыздар немистер украиндер маданиятсыз болсо анда маданияттуулар кимдер. Гейлердин парады откон Америкабы же кишинин этин жеген кытайбы же колунан пиво тушбогон орустарбы. Кыргыздарды сындаган кыргыз чиновниктерин коруп катуу жиним келди эле.
+2
baisogur
2017-07-09 15:48:55
Su.Zeyd_89,Беш кол тең эмес,биз дагы калышпайбыз антип актануунун кереги жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан