Бишкек-Токмок жолунда автокырсыктан каза болгондордун биринин аты-жөнү такталбай жатат

Бишкек-Токмок жолунда автокырсыктан каза болгондордун биринин аты-жөнү такталбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгынан 1994-жылы туулган С.К. аттуу айдоочу (Ысык-Көл облусунун тургуну), 2000-жылы туулган А.А. аттуу кыз (Бишкек шаарынын тургуну) жана жашы 20-25 жаштагы эркек бала (аты-жөнү такталууда) каза болгон. Ал эми 1996-жылы туулган А.А. аттуу кыз (Бишкек шаарынын тургуну) Токмок шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Айта кетсек, жол кырсыгы кечээ, 8-июлда эртең менен саат 07:00 чамасында Бишкек-Токмок унаа жолунун 55-чакырымында болгон. Анда Ысык-Көлдөн келе жаткан Тойота Авенсис үлгүсүндөгү жеңил унаа каршы тилкеге чыгып, жолдун жээгиндеги тосмону сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, 1 адам ооруканага жеткирилген. Унаанын ичинде эки кыз жана эки бала болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Tekecher
2017-07-09 14:23:28
Эс алып кайтышкан тура байкуштар, компания болуп! Жайы жанаттан болсун
+4
topi
2017-07-09 17:49:29
Tekecher,kayakta jannattan bolot kiz jigit bolup ХХХ
-7
gulmira96
2017-07-09 21:03:48
topi, кыз жигит куноо кылып жургонун кармап алгандай суйлойсун го табаа эмес тобоо дечи
+2
topi
2017-07-10 10:31:37
gulmira96,25 jashtaginin kizi 96 jilki, 1994 jilki balanin kizi 2000 jylky ozdoruncho kiz jigit bolup ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2017-07-10 10:47:21
topi, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
Alina1984
2017-07-10 17:01:00
topi,Алар бир туугандардын балдары экен эч кандай эс албай эле Бишкекке больницага баратышкан экен,оздору Боконбаевден болушат экен жердиги,мен да Тон совхозго олгонго бардым эле ошол жактан уктум
0
topi
2017-07-11 02:10:34
Alina1984,a molodes rahmat ushintip taktap jazsin da super .kg but nerseni iyne jibine cheyin jazgAN saytibiz bar kudayga shugur
0
Shamdagai2013
2017-07-09 15:27:14
Саламатсыздарбы Супер инфо!1-июль куну Москва-Бишкек автобусбу же спринтер мененби биз менен жашаган эжелер кетишти эле.Казакстанда аварияга учурап Каза болуп калыптыр деп жатышат,билип бериниздерчи сураныч,кыжаалат болуп жатабыз!
+10
admin_superstan
2017-07-10 10:51:48
Shamdagai2013, саламатсызбы? ТИМдин билдирүүсү боюнча мындай маалымат түшкөн эмес.
0
Leilek-razzakov
2017-07-09 17:31:27
Суперчилер кээде толук атын, кээде А.А, Б.Б деп жазасыздар эмнеге?
+1
Adiletto
2017-07-09 18:37:36
Leilek-razzakov,
Мисалы Асанов Марат сыяктуу болуп калса толук атын жазып коюшатда
+1
Toktakunova22
2017-07-09 21:37:03
Атын толук жазбасанар кантип тактайсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан